УКР/КЫРГЫЗ
З 25 по 31 травня 2026 року в Україні проходить Національний тиждень безбар’єрності, покликаний привернути увагу суспільства до необхідності створення доступного середовища, рівних можливостей для всіх громадян, розвитку безбар’єрних просторів, сервісів та інформації, а також утвердження культури поваги, гідності та людиноцентричної комунікації. Національний тиждень безбар’єрності відбувається в межах реалізації стратегії створення безбар’єрного простору в Україні та продовжує ініціативу Першої леді України Олени Зеленської “Без бар’єрів”.
Міністерство закордонних справ України підтверджує відданість нашої держави принципам безбар’єрності як невід’ємній складовій демократичного розвитку, європейської інтеграції, захисту прав людини та стійкого відновлення України. Йдеться не лише про фізичну доступність інфраструктури, а й про доступність державних послуг, інформації, освіти, праці, культури, цифрових сервісів, міжнародної взаємодії та повноцінної участі кожної людини в суспільному житті.
В умовах триваючої збройної агресії Російської Федерації ця тематика набула для України особливого значення. Війна створює додаткові бар’єри для мільйонів людей: ветеранів і ветеранок, людей з інвалідністю, людей старшого віку, батьків із дітьми, внутрішньо переміщених осіб, жителів громад, наближених до лінії фронту, осіб, які постраждали від мінної небезпеки, травм, втрати житла чи вимушеного переміщення. Українська дипломатія і надалі привертатиме увагу міжнародних партнерів до цих викликів та необхідності їх системного подолання.
МЗС України виходить із того, що відбудова України має бути не лише швидкою та ефективною, а передусім інклюзивною, доступною та людиноцентричною. Відновлення інфраструктури, державних сервісів, громад, освітніх, медичних, соціальних і культурних просторів має здійснюватися з урахуванням потреб різних груп людей та на основі принципів універсального дизайну, рівності можливостей і поваги до людської гідності.
Окреме значення має формування культури коректної, недискримінаційної та безбар’єрної мови. Міністерство закордонних справ України вітає затвердження стандарту державної мови “Термінологія безбар’єрності” — першого в Україні стандарту такого типу, який уніфікує недискримінаційну лексику та визначає перелік слів і висловів, що мають бути виведені з офіційного вжитку. Стандарт охоплює понад сотню термінів, що стосуються прав і можливостей людей з інвалідністю, ветеранів і ветеранок, батьків із дітьми та інших груп, які стикаються з упередженнями. Мова держави має бути мовою поваги.
Міністерство закордонних справ України послідовно інтегрує принципи доступності та інклюзивності у свою інституційну політику, консульську діяльність і міжнародну взаємодію. Для дипломатичної служби це означає доступність державних сервісів для громадян України за кордоном, розвиток цифрових і дистанційних форматів взаємодії, підвищення доступності закордонних дипломатичних установ, а також впровадження коректної комунікації у щоденній роботі української дипломатії.
Україна вдячна міжнародним партнерам, іноземним урядам, міжнародним організаціям, донорам, експертам і представникам громадянського суспільства, які підтримують нашу державу у розбудові доступного, інклюзивного та людиноцентричного простору. Така підтримка є особливо важливою в умовах, коли значна частина ресурсів України спрямована на захист держави від російської агресії.
МЗС України закликає міжнародних партнерів і надалі пріоритизувати безбар’єрність у програмах підтримки України, зокрема у сферах відновлення інфраструктури, реабілітації, соціальної згуртованості, цифрової доступності, освіти, охорони здоров’я, культури, транспорту, житла та державних сервісів. Безбар’єрна відбудова є не лише питанням комфорту чи технічних стандартів. Це питання прав людини, демократичної стійкості та справедливого майбутнього України.
У Національний тиждень безбар’єрності Україна підтверджує: сильна європейська держава – це держава, у якій кожна людина може реалізовувати свої права, отримувати послуги та інформацію, працювати, навчатися, подорожувати, брати участь у суспільному житті та бути почутою без перешкод, упереджень і дискримінації.
Безбар’єрність – це коли людина може. Саме таку Україну ми будуємо – доступну, гідну, інклюзивну та європейську.
2026-жылдын 25-майынан 31-майына чейин Украинада Улуттук тоскоолдуксуз чөйрө жумалыгы өтүп жатат. Анын максаты — коомчулуктун көңүлүн бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүү, тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, кызматтарды жана маалыматтарды өнүктүрүү, ошондой эле өз ара сыйлоо, кадыр-барк жана адамга багытталган коммуникация маданиятын бекемдөө зарылчылыгына буруу болуп саналат.
Улуттук тоскоолдуксуз чөйрө жумалыгы Украинада тоскоолдуксуз мейкиндикти түзүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө жана Украинанын Биринчи айымы Елена Зеленскаянын "Тоскоолдуктарсыз" демилгесин улантат.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн тоскоолдуксуз чөйрө принциптерине берилгендигин ырастайт. Бул принциптер демократиялык өнүгүүнүн, европалык интеграциянын, адам укуктарын коргоонун жана Украинаны туруктуу калыбына келтирүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кеп инфраструктуранын физикалык жактан жеткиликтүүлүгү жөнүндө гана эмес, мамлекеттик кызматтардын, маалыматтын, билим берүүнүн, эмгектин, маданияттын, санариптик кызматтардын, эл аралык өз ара аракеттенүүнүн жана ар бир адамдын коомдук жашоого толук кандуу катышуусунун жеткиликтүүлүгү тууралуу болуп жатат.
Россия Федерациясынын уланып жаткан куралдуу агрессиясынын шарттарында бул тема Украина үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Согуш миллиондогон адамдар: ветерандар (эркектер жана аялдар), майыптыгы бар адамдар, улуу муундагылар, балалуу ата-энелер, ички жер которгондор, фронт сызыгына жакын жашаган жамааттардын тургундары, мина коркунучунан, жаракаттардан, турак жайын жоготуудан же мажбурлап көчүрүлүүдөн жапа чеккендер үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратууда.
Украинанын дипломатиясы эл аралык өнөктөштөрдүн көңүлүн бул чакырыктарга жана аларды системалуу түрдө жеңүү зарылчылыгына мындан ары да бура бермекчи.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Украинаны калыбына келтирүү тез жана натыйжалуу гана эмес, эң оболу инклюзивдүү, жеткиликтүү жана адамга багытталган болушу керек деген позицияны карманат. Инфраструктураны, мамлекеттик кызматтарды, жамааттарды, билим берүү, медициналык, социалдык жана маданий мейкиндиктерди калыбына келтирүү ар кандай адамдардын топторунун муктаждыктарын эске алуу менен жана универсалдуу дизайн, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги жана адамдык кадыр-баркты урматтоо принциптеринин негизинде ишке ашырылышы керек.
Коррекцияланган, дискриминациясыз жана тоскоолдуксуз тил маданиятын калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ. Украинанын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик тилдин «Тоскоолдуксуздук терминологиясы» стандартынын бекитилишин кубаттайт — бул Украинадагы дискриминациясыз лексиканы бирдиктүү тутумга келтирген жана расмий колдонуудан чыгарыла турган сөздөр менен сөз айкаштарынын тизмесин аныктаган биринчи ушундай стандарт. Стандарт майыптыгы бар адамдардын, ветерандардын (эркектер жана аялдар), балалуу ата-энелердин жана бейкалыс мамилеге туш болгон башка топтордун укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү жүздөн ашык терминдерди камтыйт. Мамлекеттин тили урматтоо тили болушу керек.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги жеткиликтүүлүк жана инклюзивдүүлүк принциптерин өзүнүн институттук саясатына, консулдук ишмердүүлүгүнө жана эл аралык өз ара аракеттенүүсүнө ырааттуу түрдө интеграциялоодо. Дипломатиялык кызмат үчүн бул чет өлкөдөгү Украинанын жарандарына мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, өз ара аракеттенүүнүн санариптик жана аралыктан иштөө форматтарын өнүктүрүүнү, чет өлкөлүк дипломатиялык мекемелердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле украин дипломатиясынын күнүмдүк ишинде коррекцияланган коммуникацияны киргизүүнү билдирет.
Украина жеткиликтүү, инклюзивдүү жана адамга багытталган мейкиндикти курууда биздин мамлекетти колдоп жаткан эл аралык өнөктөштөргө, чет элдик өкмөттөргө, эл аралык уюмдарга, донорлорго, эксперттерге жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирет. Мындай колдоо Украинанын ресурстарынын олуттуу бөлүгү мамлекетти Россиянын агрессиясынан коргоого багытталып жаткан шартта өзгөчө маанилүү.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги эл аралык өнөктөштөрдү Украинаны колдоо программаларында, өзгөчө инфраструктураны калыбына келтирүү, реабилитациялоо, социалдык биримдик, санариптик жеткиликтүүлүк, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, транспорт, турак жай жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында тоскоолдуксуздукка мындан ары да артыкчылык берүүгө чакырат.
Тоскоолдуксуз калыбына келтирүү — бул жөн гана ыңгайлуулук же техникалык стандарттардын маселеси эмес. Бул адам укуктарынын, демократиялык туруктуулуктун жана Украинанын адилеттүү келечегинин маселеси.
Улуттук тоскоолдуксуздук жумалыгында Украина төмөнкүнү тастыктайт: күчтүү европалык мамлекет — бул ар бир адам өз укуктарын ишке ашыра алган, кызматтарды жана маалыматтарды ала алган, иштей алган, окуй алган, саякаттай алган, коомдук турмушка катыша алган жана эч кандай тоскоолдуксуз, туура эмес пикирлерден арылган жана дискриминациясыз, ар дайым үнү угулган мамлекет.
Тоскоолдуксуздук — бул адамдын колунан келген абал. Биз дал ушундай — жеткиликтүү, кадыр-барктуу, инклюзивдүү жана европалык Украинаны куруп жатабыз.