УКР/КЫРГЫЗ
19.05.2026 у Посольстві відбулася зустріч Посла України Валерія Жовтенка з Уповноваженим з прав жителів Автономної Республіки Крим і міста Севастополя Ельвіном Кадировим та Головою Ради громадського об'єднання «Українське товариство Киргизької Республіки «Берегиня» Володимиром Нарозею.
У зустрічі також взяли участь головний спеціаліст Департаменту моніторингу додержання рівних прав і свобод, прав національних меншин, політичних та релігійних поглядів Секретаріату Уповноваженого Верховної Ради України з прав людини Д.Мінадіров, представники кримськотатарської спільноти Киргизстану Е.Халілов і М.Карімов та другий секретар Посольства Н.Калинюк.
Учасники зустрічі вшанували пам'ять жертв геноциду кримськотатарського народу 1944 року.
2026-жылдын 19-майында Элчиликте Украинанын Элчиси Валерий Жовтенконун Крым Автономиялуу Республикасынын жана Севастополь шаарынын тургундарынын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвин Кадыров жана «Берегиня» Кыргыз Республикасынын украин коому» коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасы Владимир Нарозя менен жолугушуусу өттү.
Жолугушууга ошондой эле Украина Жогорку Радасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Секретариатынын тең укуктар менен эркиндиктерди, улуттук азчылыктардын укуктарын, саясий жана диний көз караштарды сактоону мониторингдөө департаментинин башкы адиси Д.Минадиров, Кыргызстандагы крым татарларынын коомчулугунун өкүлдөрү Э.Халилов менен М.Каримов жана Элчиликтин экинчи катчысы Н.Калинюк катышышты.
Жолугушуунун катышуучулары 1944-жылдагы крым татар элинин геноцидинин курмандыктарынын элесин эскеришти.
