• A-
    A+
  • Людям із порушенням зору
  • Українською
  • Русский
  • Кыргыз
Украинанын ТИМнин Украинанын жарандарынын айрым категориялары үчүн Россиянын жарандыгын алуу тартиби жөнөкөйлөтүүгө багытталган Россия Федерациясынын мыйзамсыз чечими менен байланыштуу билдирүүсү
Опубліковано 03 травня 2019 року о 12:44

Украинанын тышкы иштер министрлиги Россиянын жарандыгын ала алат турган Украина жарандардын категориясын кеңейтүү боюнча Кремлдин кезектеги чечимин айыптайт. Бул Россия Федерациясы эл аралык укукту жана Украинанын эгемендигин дагы бир жолу бузгандыгын тастыктайт.

2019-жылдын 29-апрелинин Россия Федерациясынын Президентинин №187 «Россия Федерациясынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу үчүн кайрылууга укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын категориялары» жөнүндө Жаррлыгы жана РФнын Украинанын жарандарына мыйзамсыз жол аркылуу орус жарандыгын берүүгө багытталган мурунку жана келечектеги ченемдик-укук актылары күчү жок, кандайдыр бир юридикалык кесепеттерге ээ эмес болуп саналат, жана Украина тарабынан эч качан таанылбайт. Айрыкча, бул чечимдерди орус тарабы «адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого» багыттылган дегендиги уятсыздыгын өзгөчө билдирет, анткени Украинанын жарандарынын укуктары жана эркиндиги Украинанын эгемендүү аймагында – Крым Автономдук Республикасында, Севастополь шаарында, Донецк жана Луганск областарынын айрым аймактарында, - Россия Федерациясынын оккупациясы жана куралдуу агрессиясы башталышы менен бузула баштаган.

Украинанын ТИМ Украинанын жарандарына россиялык паспорт берүүгө багытталган баардык мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгарууга жана алардын терс таасирин жоюуга Россия тарабынан талап кылат.

Украина эл аралык укук жана Украинанын мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздугун, украин жарандарынын кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын коргоо максатында кандай чараларды кабыл алуу укугун өз чечимине калтырат.

Украин тарап, эл аралык өнөктөштөрү менен чогу, Кремлдин режимине каршы санкциялык басымды күчөтүү багынтында жигердүү чараларды кабыл алууну улантат.

Украинанын тышкы иштер дипломатиялык мекемелерине РФнын «паспорттук агрессиясы» тууралуу чет өлкөлөрдү маалымдоого тапшырма берилди. Эларалык өнөктөштөрүбүз Кремлдин режимине каршы чараларды күчөтөөрүн күтөбүз.

Тиешелүү нааразычылык нотасы дароо Россиянын тышкы иштер министирлигине жөнөтүлөт.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux