• A-
    A+
  • Людям із порушенням зору
  • Українською
  • Русский
  • Кыргыз
Оккупацияланган аймактарда жашаган Украинанын жарандарына орус жарандыгын берүү жөнүндө Кремлдин провокациялык жана кылмыштуу чечимине байланыштуу Украинанын Тышкы Иштер Министрлигинин билдирүүсү
Опубліковано 26 квітня 2019 року о 12:45

Убактылуу оккупацияланган Украинанын Донецк жана Луганск областтарында Россиянын президентинин буйругу менен орус паспортторун мыйзамсыз берүүгө жол ачкандыгын Украинанын Тышкы иштер министрлиги чечкиндүү түрдө нааразылык билдирет. Биз бул документ юридикалык жактан күчсүз деп билдиребиз, жана ал Россия оккупацияга алган Донбасстын аймагынын тургундарынын украин жарандыгы өзгөрбөйт, деп эсептейт.

Орусия, дагы бир жолу Украинанын мамлекеттик эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузуп, өзү катышуучу болгон, Минск келишимдерин бузууга кадам кылууда. Мындай иш-аракеттер Украинанын ички иштерине кийлигишүү болуп саналат жана Донбасста орус оккупациясынын уландысы деп билинет . Алар Украинадагы шайлоодон кийинки мезгилди колдонуп, ички саясий кырдаалды туруксуздандырууга максаттанууда, агрессияны улантууга болгон Россиянын ниетин көрсөтүп, кырдаалдын кандайдыр бир де-эскалациясына эч кандай кызыгуусу жок экендигин көрсөтүп жатат.

Украин жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү - Кремль Украинанын Донецк жана Луганск областтарын Россия оккупацияга алгандыгын мойнуна алгандыгыт тастыктайт. Бул дагы бир жолу орус пропагандасынын «Украинанын ички чыр-чатагы» деген негизги тезисин чыгары бетин ачууда.

Россия оккупациялаган башка аймактарда укуктук жана гуманитардык шылтоо кылып мыйзамсыз паспортторду берүү ыкмасы ары кол салуу үчүн, Кремль тарабынан колдонуп келгендиги бизди өзгөчө тынчсызданырууда.

Буга байланыштуу, биз Кремлден бул маскара чечиминен баш тартууну талап кылабыз, жана эл аралык коомду бул агрессор-өлкөгө каршы саясий-дипломатиялык жана санкциялык кысым колдонууга чакырат.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux