• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын ТИМнин 1930-жылдардагы Улуу Террор боюнча комментарийи
06 августа 2020 06:53

5-августта Украинада Улуу Сталиндик террордон жапа чеккердер эскерилди. 1937-жылы, ушул күнү Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин (большевиктер) «Советке каршы элементтер жөнүндө» токтому күчүнө кирген, ал массалык кыргындын башаты болгон.

Миллиондогон адамдар репрессиядан курман болушкан. Акыйкатсыз камакка алынуудан, концлагерлерден жана өлүм жазаларынан эч ким кача алган эмес, анткени террордун максаты бардыгын талкалоо, өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу болгон.

Украинада Улуу террор Голодомордун уландысы болгон, бирок негизги сокку дыйкандарга каршы эмес, улуттун интеллектуалдык элитасына багытталган. Украинада репрессия айрыкча катаал болгон, анткени Кремль өз алдынча көз карандысыз мамлекет түзүүгө аракет кылган украин элин кулатууга аракет кылган.

1937-жылы 5-августта кабыл алынган чечимдин натыйжасында октябрь-ноябрь айларында бир нече күн бою Карелиядагы Сандармох өзөнүндө үч жүзгө жакын украин интеллигенциясынын өкүлдөрү - окумуштуулар, сүрөтчүлөр, мамлекеттик ишмерлер өлтүрүлгөн. Алардын катарында заманбап украиналык театрдын жаратуучусу Лесь Курбас, неоклассикалык акын Николай Зеров, драматург Николай Кулиш, жазуучулар Валериан Пидмогильный, Марк Вороной, Олекса Слисаренко, биз аларды «атылган Кайтадан туулуу доору» деп атайбыз.

Тилекке каршы, сөз жана пикир билдирүү эркиндиги боюнча адамгерчиликсиз репрессиялар СССРдин кулашы менен токтогон жок. Бүгүнкү күндө Россияда Сталиндин «культу» активдүү жанданып жатат жана тарыхый эс тутум саясаты Совет режиминин кылмыштарын жашырууга, кемсинтүүгө же актоого багытталган. Андан тышкары, Сталиндин НКВД рухундагы репрессиялары бүгүн да улантылууда. Крымды жана Донбасстын бир бөлүгүн басып алган Россия бул аймактарда массалык репрессияларды жүргүзүп жатат. Ал жерде адам өлтүрүү, дайынсыз жоголуу, камакка алуу, адилетсиз сот процесстери жана ырайымсыз кыйноолор кадимки көрүнүшкө айланды. Бүтүндөй улут, жарым аралдын жнргиликтүү эли - крым татарлары Крымдагы куугунтуктун курмандыгы болушту. Бул саясат 1944-жылы Крым татарларын депортациялоо кылмышынын уландысы болуп саналат.

Өзгөчө көңүл Россияда тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу үчүн күрөшүп жаткан адамдардын саясий куугунтуктоолоруна бурулушу керек. Ушул жылдын 22-июлунда, жасалма айып коюу аркылуу, Сандармох өзөнүндө репрессиялар жөнүндө чындыкты бүткүл дүйнөгө билдирген, белгилүү тарыхчы жана укук коргоочу, Юрий Дмитриевке үч жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Дмитриевтин Улуу Террор мезгилинде Совет бийлигинин кылмыштарын ачыкка чыгаруу боюнча отуз жылдык ишмердүүлүгү анын куугунтугунун чыныгы себеби болгон.

Эл аралык коомчулуктун Россиядагы адам укуктарынын одоно бузулушуна, демократиянын чектелишине, Сталиндин реабилитациясына жана тарыхтын цензурасына көз жумуп коюуга укугу жок. Анткени сталиндик рух Кремлдин учурдагы жетекчилиги үчүн чексиз бийликти камсыз кылуу, ошондой эле Россия империясын кайра жандандыруу боюнча агрессивдүү пландарын ишке ашыруу үчүн керек.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux