• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинаны ТИМнин Бүткүл дүйнөнүн жергиликтүү элдеринин эл аралык күнүнө карата комментарийи
09 августа 2020 12:11

1994-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 9-августту Бүткүл дүйнөнүн жергиликтүү элдеринин эл аралык күнү деп жарыялаган, аларга, БУУнун маалыматы боюнча, 90 мамлекеттен 370 миллион адам кирет.

Украинада жергиликтүү элдерге - Крым татарлары, караимдер жана крымчактар кирет. Алардын статусун аныктоо маселеси Россиянын агрессиясынын башталышы менен актуалдуу боло баштады. 2014-жылдын февралында орус аскерлеринин Украинага кириши жана Крымды оккупациялап алышы, Украинанын жергиликтүү эли катары, Крым татарларынын укугун камсыз кылуу көйгөйүн күчөттү.

 «Украинанын Жогорку Радасынын Крым татарларынын Украин мамлекетинин курамындагы укуктарына кепилдиктери боюнча билдирүүсү жөнүндө» (20.03.2014-жылынан) № 1140-VII Резолюциясы боюнча Украина Крым татарларына жергиликтүү эл катары сакталышына жана өнүгүшүнө кепилдик берген. Крым татарларынын Межлиси, Украинанын крым татарларынын Курултайынын аткаруучу органы жана Крым татарларынын Курултайы жогорку өкүлчүлүктүү органы деп таанылат. Аталган резолюциясы боюнча, Украинанын Жогорку Радасы Крым татарларынын Украинанын жергиликтүү эл катары статусун аныктаган жана бекемдеген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырган. Тийиштүү ченем чыгаруу иши бир катар факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт, биринчи кезекте коопсуздук тармагында, атап айтканда, Крымдын оккупациялык администрациясынын Крым татарларынын оккупацияга каршылык көрсөтүү кыймылын басууга багытталган мыйзамсыз репрессиялык чаралары, анын ичинде Крым татар элинин Межлисинин ишмердүүлүгүнө тыюу салуусу.

Украинанын эл аралык укуктук милдеттенмелери боюнча Тышкы иштер министрлиги БУУ, ЕККУ жана ЕК менен активдүү иштешүүдө, атап айтканда, Украина тарабынан ратификацияланган БУУнун жергиликтүү элдердин укуктары боюнча декларациясы, Европанын адам укуктары боюнча конвенциясы, Европанын социалдык хартиясы, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактты жана Социалдык, маданий жана экономикалык укуктар боюнча эл аралык пактты. 1944-жылы Крым татарларын депортациясы эл аралык коомчулугу тарабынан Крым татар элинин геноциди катары таанылышы үчүн кошумча аракеттер көрүлүүдө. БУУга, Европа Парламентине, ЕКПАна, ЕККУ ПАна, НАТО ПАна, дүйнөлүк лидерлерге жана эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрүнө Крым татарларынын геноцидинен курман болгондорду кадырлоо жана РФнын крым татарларынын укутары жана эркиндигине каршы мыйзам бузууларын айыптоосу боюнча, жана Крым татарларынын Межлисинин «Крым татарларыны геноцидин таануу жөнүндө» БУУга мүчө мамлекеттердин парламенттерине жана өкмөттөрүнө кайрылуусу жөнүндө Украинанын Жогорку Радасынын токтомунун (11.05.2016-жылынан) мазмуну чет мамлекеттердин жетекчилигине жана өкүлдөрүнө тааныштырылган.

Жүрүп жаткан гибриддик агрессиянын шартында, Украина этно-улуттук биримдик боюнча мамлекеттик саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга, жергиликтүү элдердин укуктарын коргоого жана улуттар аралык мамилелерин шайкештөөгө өзгөчө көңүл бурат. Ушуга байланыштуу «Украинадагы аз сандуу улуттар жөнүндө», «Жергиликтүү элдер жөнүндө», «Украинада Крым татарларынын статусу жөнүндө», «Улуттук-аймактык автономия жөнүндө» Украинанын Мыйзамдарынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, ошондой эле жергиликтүү элдердин маданий өнүгүшү үчүн мамлекеттин каржылык колдоосун өркүндөтүү үчүн ченемдик-укук актыларды кабыл алуу актуалдуу боло баштады, ал эми Тышкы иштер министрлиги алардын түзүлүшүнө жигердүү катышып жатат.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux