• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украина жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык
22 апреля 2020 07:25

Кыргызстандагы украиндердин диаспорасы – Борбор Азиядагы мурдагы КСРС мүчө-өлкөлөрүнүн арасында саны боюнча үчүнчү орунда. 1989-ж. бул жерде 108,3 миң украин жашаган. 2009-жылкы калк каттоо жыйынтыгы боюнча КРсындагы украиндердин жалпы саны 22,9 миң адам түзгөн. Кыргыз Республикасынын 2011-2016-жж. демографиялык жылдык жыйнагы боюнча, 01.01.2016-ж. украиндердин саны 12 691 адам түзгөн. Этникалык украиндердин көпчүлүгү Бишкекте, Чүй, Ош жана Ысык-көл областарында отурукташкан.

Кыргызстандын аймагына украиндер жалпысынан XIX кылымдын экинчи жарымында, 1860-жылдардын аягында кыргыздар Россия империясынын карамагына өткөндөн кийин отурукташып башташкан. 1890-жж. дыйканчы украиндердин массалык түрдө Кыргызстандын аймагына көчүп келе башташкан. Бир мезгилде Украинадан бул жакка дыйканчылыр көчүрүлүп келген. 1897-ж. Кыргызстандын аймагында украиндердин саны 18,6 миң адам түзгөн. 1926-жылындагы калк каттоодо украиндердердин саны 64,1 миң түзгөн, бул Кыргыз АССРдин жалпы калкынын 6,5%, ал эми тыгыз жашаган аймактарда – 29% түзгөн. Украиндер көбүнчө Бишкек, Токмок, Каракол шаарларында, ошондой эле Чу дарыясынын жээгинде жана Ысык-көл өрөөнүндө отурукташкан. 1939-жылы индустриализациянын өнүгүшү менен украиндердин саны артып баштаган. Улуттук жана маданий өнүгүү үчүн эч кандай шарттар болбогондуктан, украиндер этникалык өзгөчөлүгүн жогото баштаган. Жыйынтыгыда, эне тилин украин деп эсептегендердин саны төмөндөп баштаган: эгер 1926-ж. 97,1% болсо, 1959-ж. 49,2% болгон, ал эми 1989-ж. – 34,1%.

1989-1997-жж. Кыргызстандан жарым миллионго жакын адам чыгып кеткен, анын көпчүлүгү славяндар, ошондой эле немистер жана жөөттөр. Кыргызстанда калган украиндердин көпчүлүгү этникалык өзгөчөлүктөрүк жоготконуна карабастан, украиналык этникалык маданиятты жана тилди жандандырууга кызыктар.

Украина жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык

Украина жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы маданий кызматташтыгынын өнүгүшү эки мамлекеттин ортосундагы байыркы маданий алмашуу салттарынын жана Кыргызстанда украиналык диаспоранын чоңдугунун негизинде түзүлөт.

Урааны "Биздин күч биримдикте!" болгон Кыргыз Республикасынындагы украиндердин коому «Берегиня», Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Достук» радио каналында жумалык радио программасын алып барат. Радио берүү украин маданияты, тарыхы, искусствосу жана адабияты сыяктуу темалар боюнча билим берүүчү жана кызыктуу программаларды камтыйт. Радио берүү украин тилинде жүргүзүлөт.

Кыргызстандагы украиндер диаспорасынын "Барвинок" украин фольклордук ансамбли, ошондой эле башка чыгармачыл топтору, айрыкча, «Зачарівна пісня» (Петропавловка а., Джайыл р-ну), «Голоса України» (Новопокровка а., Ысык-Ата р-ну), «Калина» (Беловодское а., Джайыл р-ну), «Червона калина» (Полтавка а., Джайыл р-ну) концерттик иш-чараларды өткөрөт, ошондой эле маданий жана гуманитардык иш-чараларга активдүү катышат.

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде украин тилин жана башка украин дисциплиналарын окутуу боюнча борборлор иш алып барышат. Атап айтканда, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Славян таануу факультетинде украин тилин жана маданиятын изилдөө борбору (2002-жылдын октябрь айында ачылган). Борбордун негизинде украин тилин үйрөтүүгө лицензия алынган. «Гоголь боюнча викторинанын» алкагында «БГУда Украинанын күнү» иш-чарасын уюштуруу салтка айланган салтка айланган, анда студенттер украин элинин маданияты жана турмушу менен жакын таанышып, украиналык ырларды угуп жана украиналык гопак менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус жана славян филологиясы факультетинин негизинде украинистика борбору ишин алып барат (2009-жылынын январында ачылган), анда студенттер окуу планы боюнча украин тилин экинчи чет тил катары окушат. Жогоруда аталган окуу жайлардын студенттери Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчилиги уюштурган иш-чараларга, атап айтканда, "Украинанын биримдик күнү", "Т.Г. Шевченконун жаркын элесине арналган кече", "Вышиванка күнү" жана башка көрүнүктүү даталарга арналган тегерек столдордо жана башка иш-чараларга активдүү катышышат.

Украин тилин үйрөнүү борборлорунун катарында өзгөчө бнлгилеп кете турган, Чүй облусунун Петровка айылындагы комплекс-гимназияда украин тилин үйрөнүү ийрими бар.

Кыргыз Республикасында дипломатиялык миссия түзүлгөндөн бери, Украина жана Кыргыз Республикасынын университеттеринин ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу келишимдер түзүлгөн, атап айтканда:

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Т.Г.Шевченко атындагы Киев улуттук университетинин ортосунда;

- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен Киев улуттук курулуш жана архитектура университетинин ортосунда (июль, 2018-ж.);

- "Манас" кыргыз-түрк университети менен Украинанын Илимдер академиясынын Математика институтунун ортосунда (Киев), Леся Украинка атындагы Чыгыш Европа улуттук университетинин ортосунда (Луцк);

- К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен Киев улуттук лингвистикалык университети, М.Гоголь атындагы Нижин мамлекеттик университети, В. Короленко атындагы Полтава улуттук педагогикалык университети, Павел Тычин атындагы Умань мамлекеттик педагогикалык университети, Т.Г.Шевченко атындагы Чернигов мамлекеттик педагогикалык университети, Б. Хмельницкий атындагы Черкассы улуттук университети, Петр Могила атындагы Николаев мамлекеттик гуманитардык университети жана Харьков башкаруу институтунун ортосунда.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux