• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Чет элдик жарандардын Украинада билим алуусу
22 апреля 2020 07:22

Украинада чет элдиктер сунушталган программаларга жана абитуриенттин тил билүү деңгээлине жараша украин, орус же англис тилдеринде билим алса болот. Эл аралык студенттердин 240тан ашык жогорку окуу жайларында ар кандай адистиктер боюнча билим алууга мүмкүнчүлүгү бар. Жыл сайын Украинанын жогорку окуу жайлары дүйнөнүн 150 өлкөсүнөн студенттерди кабыл алышат.

                Украинанын жогорку окуу жайлары үч деңгээлдеги жогорку билим берүүнү сунуштайт:

Жогорку билимдин биринчи деңгээли:

- кичи бакалавр

- бакалавр

Жогорку билимдин экинчи деңгээли:

- магистр

Жогорку билимдин үчүнчү деңгээли:

- философия илимдеринин доктору;

- илим доктору.

Украинанын жогорку окуу жайларында жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгы бар жана окуу процессин кызыктуу кылып, студенттердин илимий жана чыгармачыл өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзгөн тажрыйбалуу окутуучулар жана профессорлор иштешет.

                Чет элдиктер үчүн Украинадагы жогорку билим жөнүндө негизги маалымат булагы Украинанын билим берүү жана илим министрлигинин негизиндеги Украинанын эл аралык билим берүү боюнча мамлекеттик борбору болуп саналат. Борбор билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн мамлекеттик расмий платформа болуп саналат. Абитуриенттер Украинанын эл аралык билим берүү боюнча мамлекеттик борборунун расмий сайтынан  окуу программалары, кабыл алуу тартиби жөнүндө жалпы маалымат жана башка практикалык кеңештерди ала алышат. Мындан тышкары, сайт аркылуу абитуриенттер Украинанын каалаган жогорку окуу жайына онлайн режиминде окууга тапшыра алышат.

                Украинанын эл аралык билим берүү боюнча мамлекеттик борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтөт: абитуриенттин документтерин текшерүү, университет жана билим берүү программасын тандоого көмөк көрсөтүү, жогорку окуу жайына документтерди тапшырууга көмөк көрсөтүү, окууга чакыруу алуу, виза алууда көмөктөшүү, аэропортто тосуп алууну уюштуруу.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux