12-августта Элчи "West Food" компаниясынын генералдык жана аткаруучу директорлору А. Фархутдинов жана О. Титов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Украина менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашылды.