• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Москванын Кызыл аянтындагы иш-чарага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлеринин катышуусуна байланыштуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү
10 мая 2023 09:07

9-майда Москванын Кызыл аянтында өткөн иш-чарага Армениянын премьер-министринин, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин катышуусуна көңүл бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө согуш кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин украиналыктардын өлтүрүлүшүн, Украинанын шаарлары менен айылдарынын талкаланышын, украиналык балдардын уурдалышын жана Украинанын оккупацияланган аймактарынын тургундарына каршы репрессияларды актады. Жолугушуудан мурунку түнү, дагы көп өлүм алып келүү жана Украинанын жеринде дагы да көп кыйроолорду алып келүү максатында Орусия Федерациясы Украинага 25 канаттуу ракета учурган, анын ичинде 15и Киев багытында учурулган.

Онунчу жыл катары Орусиянын Украинага каршы эч кандай себепсиз агрессивдүү согушуна катышып жаткан орусиялык аскердик техникасы катышуучуларга көрсөтүлдү.

Биз, аталган чет мамлекеттердин жетекчилеринин, Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болбогон масштабда согуштун башталышын шылдыңдаган согуш кылмышкери менен бирге коомдук иш-чарага катышуусун Украинага, өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элинине карата ахлаксыз жана достукка жатпаган кадам катары баалайбыз.

Мындан 78 жыл мурда Орто Азия жана Кавказ элдери нацизмди женип чыгууга баа жеткис салым кошушкан. Алар азыр нацизмди жеңгендердин эрдигине эч кандай тиешеси жок жасалма акцияга катышуу үчүн Кремль тарабынан колдонулуп жаткан тагдырга татыктуу эмес. 

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux