Иш-чара мамлекеттик гимндин аткарылышы жана Украинанын желегин салтанаттуу көтөрүү менен башталды.
Андан соң Украинанын Элчиси Валерий Жовтенко чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.
Иш-чарага чет мамлекеттердин дипломаттары – Франциянын элчиси Франсуа Делаус, Япониянын элчиси Хидеки Года, Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Мэрилин Жозефсон, БУУнун Кыргыз Республикасындагы координатору Антье Граве, Улуу Британия миссиясынын башчысынын орун басары Энн Херриган кыргыз коомчулугунун жана украин диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз жана чет өлкөлүк массалык информация каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында кыргызстандык активисттер Алмаз Кубегандын украин тилиндеги “Украина жеңет!” аттуу автордук ырынын аткарган видеосун тартуулашты.
Биз Украинанын досторуна биздин өлкөгө көрсөткөн туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.