Вышыванка күнүн белгилөө боюнча иш-чаралардын алкагында Элчилик «Дивись украïнське» («Украиндикти көр») Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Маданият vs. согуш» комплекстүү долбооруна кошулду.
Бул долбоор Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн курамында орус агрессоруна каршы согушта биздин өлкөнү коргоп жаткан, жана ошол эле учурда украин маданиятынын жаратуучулары, алып жүрүүчүлөрү жана коргоочулары болгон белгилүү украин маданият ишмерлери менен кызматташууда бир катар медиа продукцияларды камтыйт.
19-майда Элчиликте украиналык белгилүү маданий жаратмандары – оператор Сергей Мыхальчук, “Антитела” тобу жана режиссёр жана актёр Ахтем Сейтаблаев тууралуу ачык баян форматында үч кыска метраждуу даректүү тасманын биринчи топтому көрсөтүлдү.
Даректүү тасманы көрүүгө украин коомчулугунун өкүлдөрү, кыргызстандык активисттер, элчиликтин дипломаттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Элчи Валерий Жовтенко иш-чаранын катышуучуларына сөз сүйлөдү.
Вышыванка күнүнө карата иш-чаранын экинчи бөлүгү салттуу украин ашканасынын тамактарына арналды.