• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Кыргызстанда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде украин тилиндеги аудиогид иштей баштады.
21 июля 2021 06:42

Украинанын Биринчи Айымы Елена Зеленскаянын украин тилин кеңири жайылтуу максатында, дүйнө жүзүндөгү музейлерге украин тилиндеги аудиогиддерди киргизүү демилгесинин алкагында, биринчи украин тилиндеги аудиогид Бишкектеги мыкты музейлердин биринде ачылды.

Презентацияга Элчи В.Жовтенко жана Элчиликтин дипломаттары, Кыргыз Республикасынын "Берегиня" Украин коомунун башчысы В.Нарозя жана украин коомчулугунун өкүлдөрү, Улуттук сүрөт өнөр  музейинин директору А.Мамбетказиева катышты.

Бул музейдин тарыхы 1935-жылдын 1-январында азыркы Бишкек шаарынын борборундагы эски чиркөөнүн имаратында биринчи сүрөт галереясынын ачылышы менен башталат. Бүгүнкү күндө мекеменин көргөзмө аянты 4600 чарчы метрден ашат, ал эми музейдин коллекциясында 18 миңге жакын көркөм сүрөт искусствосунун түрлөрү бар.

Музейдин алтын фондусу - кыргыз сүрөт искусствосунун классиктеринин эмгектери, ошондой эле батыш европалык чеберлердин жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн көптөгөн жетишкендиктери.

Музейде кыргыз чеберлеринин алтын фондусунан тышкары украин тектүү сүрөтчүлөрдүн: Александр Осмеркин, Иван Айвазовский, Петр Кончаловскийдин жана башкалардын эмгектери бар экендигин жогору баалайбыз.

Биз сизди Кыргызстандын алдыңкы музейине барууга, украин тилиндеги экскурсияга барып, сыйкырдуу жана кызыктуу көркөм сүрөт дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө чакырабыз.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux