• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын жана Польшанын Тышкы иштер министри Збигнев Раудун Түндүк агым - 2 боюнча биргелешкен билдирүүсү
22 июля 2021 12:45

2015-жылы Россиянын басып кирүүсүнөн жана Украинанын аймактарын мыйзамсыз аннексиялап алгандан кийин, 2015-жылы бекитилген Түндүк Агым - 2 куруу чечими , саясий жана коопсуздук кризисти жана ишеним кризисин Европада жаратты.

Азыр бул кризис, газ түтүгүн ишке киргизүүнү токтотуу аракеттеринен баш тартууну бир топ тереңдетти. Бул чечим Украина жана Борбордук Европа үчүн кошумча саясий, аскердик жана энергетикалык коркунучтарды жаратты. Ошол эле учурда, бул Россиянын Европадагы коопсуздукка бүлгүнчү таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, НАТО менен ЕСтин мүчө мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктерди тереңдетет.

Аймактагы коопсуздук балансын калыбына келтирүү боюнча ар кандай ишенимдүү аракеттер: саясий, аскердик жана энергетикалык үч чөйрөдөгү терс тобокелдиктерди эске алышы керек. Ошондой эле, Түндүк агым - 2дин терс кесепеттери күчтүү таасир эткен өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин келишимди макулдашуу баскычында демократиялык мүнөздө болушу керек.

Тилекке каршы, пайда болгон коопсуздук боштугун толтуруу боюнча учурдагы сунуштарды, Түндүк агым - 2 тарабынан келтирилген коркунучтарды, натыйжалуу минималдаштыруу үчүн жетиштүү деп эсептөөгө болбойт. Биз Америка Кошмо Штаттарын жана Германияны аймактагы кризистин коопсуздугуна жетиштүү мамиле кылууга чакырабыз, бул кырдаалдан бир эле Россия гана пайда көрөт.

Украина жана Польша союздаштары жана өнөктөштөрү менен биргеликте коопсуздук кризисинен чыгуу, Батыш демократиялык институттарынын мүчөсү болууга умтулган өлкөлөрдү колдоо жана тынчтыкка жана энергетикалык коопсуздукка болгон коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чечимдер иштелип чыкмайынча, Түндүк Агым - 2нин башталышына каршы турушат.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux