Биз, Австралия, Бельгия, Малайзия, Нидерланды жана Украинанын Тышкы иштер министрлери, биргелешкен тергөө тобун түзгөн мамлекеттер, бүгүн 298 жүргүнчү менен экипаждын трагедиялуу өлүмүнө алып келген Малайзиянын авиакомпаниясынын MH17 учактын кулатылышынын жети жылдыгын белгилейбиз. Биздин ойлор кырсыкта каза болгондор, алардын үй-бүлөлөр жана жакын адамдар менен чогу.
Өмүрүн жоготкондорду эч нерсе артка кайтара албагандыктан же каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн азап-кайгысын азайткандыктан, чындыкты, адилеттүүлүктү орнотуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга туруктуу болушубуз зарыл. Биз тиешелүү тергөө органдарынын кызматташтыгына терең таазим этебиз жана болгон окуялар боюнча чындыкты аныктоо аракеттерине толук колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле, биз MH17 учагын атып түшүргөн деп шектелгендерге карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн көзкарандысыздыгына, ачыктыгына жана объективдүүлүгүнө толук ишенебиз.
Дагы бир жолу курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана алардын жакындарына MH17 учагынын кулап түшүшүнө байланыштуу кайгыруу менен көңүл айтабыз.