КОНСУЛДУК КАБЫЛ АЛУУЛАРГА АЛДЫН АЛА ЖАЗЫЛУУ - ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК
Урматтуу жарандар!
Кызматты оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Украинанын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алуу үчүн автоматташтырылган каттоо тутумун ишке киргизди: https://online.mfa.gov.ua/
Эскертүү! Кабыл алууга жазылуу боюнча жөнөтүлгөн билдирүүлөр эки себептен жетпей калышы мүмкүн: арыз ээсинин почта кутусу толуп калганда же электрондук почтанын дарегин көрсөтүүдө ката кеткенде.
Көңүл буруңуз! Каттоо үчүн эл аралык таанылган же Украинанын почта кызматтарында катталган электрондук почта дареги көрсөтүлүшү керек. Украинанын өкмөттүк почта серверлери, анын ичинде Украинанын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин дагы, .ru домениндеги Россиянын почта кызматтарынан жана ага тиешеси бар электрондук почталарынан каттарды кабыл албайт жана жөнөтпөйт: Yandex, Mail, Rambler, List жана башка;
Консулдук бөлүмдө төмөнкү шарттарды аткарууга өтүнөбүз:
- консулдуктун имаратына оорунун белгилери жок жана медициналык маскалардагы жарандар гана киргизилет;
- - кабыл алуу залына эки адамга гана кирүүгө уруксат берилет жана алардын ортосунда эң азындан 1,5 метр аралык сакталышы зарыл.
КАБЫЛ АЛУУГА КАНТИП ОНЛАЙН ЖАЗЫЛСА БОЛОТ:
Кабыл алууга онлайн катталыш үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыӊыз:
Каттоо ийгиликтүү өткөндөн кийин, көрсөтүлгөн электрондук дарекке кабыл алууга катталгандыңызды тастыктаган кат жөнөтүлөт.
Кабыл алууга каттоо тутумун колдонсоңуз, демек сиз тандаган консулдук иш-аракетти ишке ашыруу үчүн Элчилик тарабынан жеке маалыматтарынызды жөнөтүүгө жана иштетүүгө макулдуӊузду билдиресиз.
Сураныч, окументтерди жана анкеталарды почта аркылуу жибербеӊиз! Почта аркылуу жөнөтүлгөн документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. Элчиликтин консулдук бөлүмү почта аркылуу жиберилген документтердин жоголушуна жооптуу эмес!
Документтерди өз колуңуз менен тапшырууну суранабыз.
Расмий суроолор боюнча электрондук почта аркылуу байланышыӊыз: [email protected]