4-сентябрда элчи В.Жовтенко Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Өмүров менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Украина менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана илим тармагында кызматташтыктын маселелери боюнча кеңири пикир алмашышты.
Тараптар Украинанын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюуга жана Келишимдин илим жаатындагы айрым аспектилерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурушту.