3-сентябрда Элчи В.Жовтенко Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти М.Джуматаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө украин-кыргыз илимий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча маселелер, анын ичинде эки өлкөнүн академиялык чөйрөлөрүнүн ортосундагы илимий байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган эки өлкөнүн биргелешкен илимий-практикалык конференцияларын өткөрүү маселеси талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Украина менен Кыргызстандын Улуттук илимдер академияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө жаңыланган Келишимге кол коюуга өзгөчө көңүл бурулду.