Элчиликтин демилгеси менен, Элчи Валерий Жовтенко Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешов менен жолугушту.
Жолугушууга министрдин орун басары Нурлан Өмүров дагы катышты.
Жолугушуунун катышуучулары билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты.