• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
ЕБнин «Чыгыш өнөктөштүгү» демилгесине Беларусь катышуусун токтотуу чечими боюнча Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү
30 июня 2021 16:33

ЕБнин «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» демилгесине катышуусун токтотуу чечими, демократиянын баалуулуктарына, мыйзамдуулук жана адам укугунда негизделген «Чыгыш өнөктөштүгө»  сыйлабагандыкты көрсөтөт. Эң башкысы, бул Беларус элинин кызыкчылыгына жана Европа элдеринин үй-бүлөсүнө таандык болгонуна карама-каршы келтирет.

Бул бир тараптуу кадам, эч кандай жол менен беларус элин Европа Биримдиги менен жакындашуу укугунан жана европанын баалуулуктарына негизделген «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» алкагындагы жана биздин аймакта европалык идеяны бекемдөө максатынан ажыратпайт деп Украина ишенет.

Украина Беларуссиянын жарандык коомуна «Чыгыш өнөктөштүгүндөгү» иш-чараларга жана долбоорлорго жеткиликтүүлүктү сактоого жардам берүүгө, ошондой эле Беларуссиянын жарандык коомунун Европа Биримдиги менен мындан аркы диалогуна жана байланыштарына көмөктөшүүгө даяр.

Ошол эле учурда, алдыдагы саммиттин алдында,  «Чыгыш өнөктөштүгүндөгү» учурдагы кырдаал, ЕБнин бул маанилүү демилгесинин стратегиялык максаттарын кайрадан карап чыгуу, анын геосаясий маанисин жогорулатуу жана каалаган катышуучу мамлекеттер үчүн европалык перспективаларды ачуу зарылдыгын көрсөтөт. Бул европалык баалуулуктардын негизинде, аймактагы бардык мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана алардын тышкы чакырыктарга каршы туруктуулугун күчөтөт.

Ушул максатты эске алуу менен Украина, Грузия жана Молдова Ассоциацияланган Трио - күчөтүлгөн өз ара аракеттенүү форматын ишке киргизди. Башка нерселердин катарында «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» алкагындагы дифференциация принцибин иштеп чыгууга, чыгыш өнөктөштөрүнүн ЕБне интеграцияланышынын жаңы алдыга койгон максаттарын аныктоого, алардын коопсуздугун жана гибриддик коркунучтарга каршы туруктуулугун бекемдөөгө чакырылган.

Ассоциацияланган Трио «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» мүчөсү болгон өлкөлөрдүн европалык тилектерин ишке ашыруу жана ЕБ менен мындан аркы жакындашууну камсыз кылуу максатында өнүгүүнүн алдыңкы сабында турууга чечкиндүү.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux