13-сентябрында Элчи В. Жовтенко "Beeline" компаниясынын Кыргызстандагы жаңы башкы директору Е. Кражан менен жолугушту.
Буга чейин Е. Кражан «Киевстар» компаниясынын корпоративдик бизнести өнүктүрүү боюнча Директору болуп иштеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат, байланыш жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө Украина менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору боюнча пикир алмашышты.