11-сентябрда Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Украинанын Эгемендигинин 28-жылдыгына карата кабыл алуу уюштурду
Ишчарага Украинанын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Валерий Жовтенко, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Жогорку Кенештин депутаттары, КРнын өкмөтүнүн өкүлдөрү, дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, саясий, илимий, бизнес жана коомдук чөйрөлөрдүн, өлкөнүн негизги маалымат каражаттарынын жана украиндер коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.
Салтанаттуу аземинин башында, Э.Асаналиев жетектеген «Манас» Президенттик камералык оркестринин аткаруусунда, Украина жана Кыргызстандын улуттук гимниндери жаңырды.
Өз сөзүндө Элчи Украинадагы маанилүү саясий окуялары, тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди, ошондой эле көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча Украинанын көз карашы өзгөрүлбөстүгүн баса белгиледи.
Украинанын европалык жана евроатлантикалык интергацияга багытталган европалык реформалары өзгөчө белгиленди.
Элчи Валерий Жовтенко жана ардактуу конок болгон КРсынын тышкы иштер Министринин орун басары Азизбек Мадмаров куттуктоо сөздөрүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгеелге алып келе турган достук мамилелерин бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.
