17-сентябрында Элчи В. Жовтенко "Радио Марал" радиостанциясынын «Дүйнө дүбүртү» программасында интервью берди. Украинанын Президентинин шайлоосунан жана Украинанын Верховная Радасынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосунан кийин мамлекетте жана коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу активдүү маек курулду.
Украинанын жаңы бийлиги саясий, экономикалык жана коомдук тармактарында демократиялык реформалырды улантып жатканы белгиленди, ошондой эле, украиналык коомдун турмушунда оң өзгөрүүлөргө жетишүү, евроинтеграциялык тышкы саясатын улантуу, Украинанын чыгышында тынчтыкка жетишүү жана жерлерин арта кайтаруу үчүн Украинанын жетекчилигинин биринчи кадамдарына көңүл бурулду.
Ошондой эле, Элчи Донбасстагы жаңжалды чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү "нормандык форматта" улантуусу боюнча угармандардын суроолоруна жооп берди.