• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын ТИМнин Европа Кеңешинин Парламеттик Ассамблеясынын «Парламеттик Асссамблеянын ыйгарым укук жана добуш берүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жараяны күчөтүү» резолюциясы боюнча пикири (2019-жылдын 25-июну)
25 июня 2019 14:48

Украинанын ТИМги Европа Кеңешинин Парламеттик Ассамблеясынын (ЕКПА) кабыл алган «Парламеттик Асссамблеянын ыйгарым укук жана добуш берүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жараяны күчөтүү» резолюциясы, 2014-жылдан баштап, эл аралык укугун жана Европа Кеңешинин Уставынын ченемдерин бузуу аркылуу, Украинага каршы куралдуу агрессиясын жүргүзүп келген, Россия Федерациясына төмөндөтүү берүүсү менен ыксыз деп тааныйт.

Россия Федерациясы тарабынан конструктивдик кадамдар болбогон, өзүнө алган милдеттерин атканбаган заманда, ошондой эле россиялык агрессияга каршы ЕКПАнын резолюцияларына карабастан, бул резолюциядан ЕКПАнын санкциялык режиминин бошоңдогону келип чыкты.

Бүгүн ЕКПАда болгон окуя, Россия Федерациясы тарабынан буга чейин болуп көрбөгөндөй кысым жана финансы шантажынын натыйжасында болгон, Европа Кеңеши өз стандарттарынан, принциптеринен жана баалуулуктарынан кайткандыгынын далили. Тилекке каршы, буга айрым өлкөлөрүнүн башкармалыгы жол берген, алар бир жагынан Украинага каршы россиялык агрессияны токтуш керектигин баса белгилеп, экинчи жагынан – агрессор менен эпке келин, ага дем берүүдө.

Өздөрүн натыйжалуу чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, Ассамблея европалык саясаттагы ролун кыйла алсыратты, ошондой эле Европа Кеңешинин мүчө-өлкөлөрдө, анын ичинде Россия Федерациясында да, мыйзам үстөндүгүн, адам укуктарын жана демократияны коргоо жөндөмү да бошоңдоду.

Бүгүн, Европа Кеңеши 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учурда, Парламенттик Ассамблея өзүнүн аброюн жоготуп алганын жана негиздөөчү ата-бабалар түзүп берген ролду мындан ары аткара албайт экендиги өкүндүрөт.

Украинанын ТИМ  мындай жагдайга каршы болуп келген жана бул абал өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Бүгүн биз европалык парламентаризмдин жеңилүүсүнө күбө болгондугубузга карабастан, моралдык жеңиш Европа Кеңешинин кыйратуучу чечимдерин колдобогон өлкөлөргө таандык. Бул өлкөлөр тарыхында СССР тарабынан оккупацияланган же Россиянын оккупациялык бийлигинен аза тартып жаткандар, бүгүнкү күндө алардын жарандары россиялык агрессиядан каза табып жатышат. Бирок так ушул өлкөлөр, Украина таандык болгон, Европанын нагыз баалуулуктарын коргогон деп эсептелгенге татыктуу.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux