2018-жылдын 12-декабрында В.Жовтенко Туркиянын элчиси К. Фырат менен жолугушуусу болуп өттү, анда Украина жана Туркия Республикасы ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, В. Жовтенко Керч кысыгында жана Кара деңизде Россия тарабынын украин кемелерине каршы аскердик агрессиясы тууралуу кенен маалымат берди, ошондой эле 2018-жылдын 17-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясында «Автономдук Крым Республикасын жана Севастополь шаарын, Кара жана Азов деңиздеринин айрым бөлүутөрүн милитаризациялаштыруу» тууралуу жаңыртылган резолюциясын караштырууда түрк тараптын тилектештиги маанилүү экендигин билдирди.
Андан тышкары, оккупацияга алынган Автономдук Крым Республикасындагы кырдаал тууралуу, айрыкча Крымдагы татарларга тийиштүү укук бузуулар, мыйзамсыз камакка алынган жана орус тарап күч менен кармап жаткан орус түрмөлөрүндөгү украиндик деңиз аскерлерин бошотуу тууралуу пикир алышышты.