Украинанын Тышкы Иштер Министирлиги Россия Федерациясы тарабынан деңиз укугу боюнча Эл аралык трибуналынын 2019-жылдын 25-майынан Буйругун аткарбаганы боюнча, ошондой эле Бердянск, Никополь и Яна Капу кемелеринин экипажынын мүчөсү болгон 24 украин деңизчилерди мыйзамсыз камакта кармап жаткандыгы боюнча кескин нааразылыгын билдирет.
25-июнда Украинанын ТИМне Россия Федерациясынын Тышкы Иштер Министирлигинен нота келип түштү, анда украиналык деңизчилердин кылмыш-жаза ишин Россиянын мыйзамдарына ылайык караштырууда катышууга макулдугу тууралуу Украина жазуу жүзүндө кепилдик берүүсү сунушталды.
Россиянын бул сунушу туура келбеген, жана аскер кемелеринин иммунитети боюнча Украина жана Россия ортосундагы талаштын күчөшүнө негиз болот деп эсептейбиз. Бул тууралуу украиналык тарап деңиз укугу боюнча Эл аралык трибуналын маалымдады.
Буга себептүү, мындан ары башка шарт койбостон, деңиз укугу боюнча Эл аралык трибуналынын Буйругун аткарып, жана камалган 24 украин деңизчини бошотууну талап кылабыз.
Украин деңизчилеринин мыйзамсыз куугунтугун токтотуу үчүн жана деңиз укугу боюнча Эл аралык трибуналынын Буйругун аткарууга Россиянын мыйзамдарынын механизмдери жетишиктүү, анын ичинде, Украина жана Россия катышуучу болгон, көптөгөн артараптуу эл аралык келишимдер да бар экендин Кремлдин назарына салабыз.
Украинанын ТИМ, дагы бир жолу, буйрукта айтылган кемелерди бошотуу жана Украинанын көзөмөлүнө кайтарып берүүнүн убактысы жана жери жөнүндө дароо маалымдоону, жана мыйзамсыз камакка алынган жыйырма төрт экипаж мүчөлөрүн Украинанын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук кызматкерлерине тапшыруунун убактысы жана жери жөнүндө маалымдоону талап кылат.