Элчи «Манас» эл аралык аэропортуна иш сапары менен барып, башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Украина менен Кыргызстандын борбор шаарларынын ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча бир катар практикалык маселелер талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары Киев менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарынын түзүлүшү украин-кыргыз экономикалык жана маданий байланыштарын, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт деген бүтүмгө келишти.