• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
UKRAINE.UA - чет өлкөлүк көрүүчүлөр үчүн заманбап Украина жөнүндө жаңы санарип порталы ишке киргизилди.
21 января 2021 05:57

Украинанын Тышкы иштер министри, Дмитрий Кулеба, чет өлкөлүк аудитория үчүн жасалган Украина жөнүндө заманбап сайт UKRAINE.UA санарип порталы менен тааныштырды.

"Биз сайт UKRAINE.UA сайтын дүйнө жүзү чыныгы Украина менен таанышышы үчүн жараттык: чыгармачыл, динамикалуу, инновациялык. Ар түрдүүлүктүн жана суктанткан жаратылыштын өлкөсү. Эркиндиктин жана абройдун өлкөсү. Бул миң жылдык тарыхы жана маданияты келечекке умтулган кыялдар менен толукталган өлкө”, - деди министр.

Министрдин айтымында, долбоорду түзүүгө алдыңкы адистер жана адистештирилген мекемелер катышкан, жана коллобарация жана ишке киргизилгенден кийин да долбоор кызматташууларга ачык бойдон калат.

«Атап айтканда, сайтта мен жайында жарыялаган «Украина» фотобанкы жайгаштырылган. Анда көптөгөн фотографтар менин чакырыгыма жооп кайтарып, алардын сонун иштери жыйнакка кирди. Украинаны чет өлкөлөрдө тааныштыруу үчүн сүрөттөрдү коммерциялык эмес максаттарда эркин колдонсо болот», - деди министр.

Дмитро Кулеба долбоордун максаты чет өлкөлөрдө Украинанын позитивдүү имиджин түзүү экендигин жана долбоордун негизги драйверлери Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Украин институту болгонун кошумчалады. Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, учурда сайттын англис тилиндеги версиясы иштеп жатат жана 2021-жылдын ичинде француз, немис, испан, араб жана кытай тилдериндеги нускаларын ишке киргизүү пландаштырылууда.

"Чет өлкөлүктөр Украинаны онлайн режиминде таанып, ага кызыгып, андан кийин биздин өлкөгө келип, инвестициялоого же окууга келе алышат", - деп кошумчалады Украинанын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Министр сайтты түзүүгө катышкан Тышкы иштер министрлигинин командасына, бардык өнөктөштөргө жана катышуучуларга, биринчи кезекте, Улуу Британиянын Украинадагы элчилигине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Долбоорго катышкандар: Украинадагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы, Depositphotos, Ukraїner, «Ілляшев та партнери», «UkraineInvest» Инвестицияларды илгерилетүү бюросу, Украинанын Эл аралык билим берүү мамлекеттик борбору, Украинанын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги, Украинанын Улуттук Эскерүү институту, Украинанын туроператорлар ассоциациясы, Ukrainian Fashion Week, «Дорога вина та смаку Української Бессарабії» Коомдук Бирлиги, шарап маданияты боюнча эксперт жана Ukrainian Wine & Spirit School мугалими Евгения Николайчук, Украин Маданият Фонду, Украинанын фотографтары, стартаптары, маданият мекемелери.

Акырында, Дмитрий Кулеба сайтын өркүндөтүү боюнча идеялары бар, фотобанкка сүрөттөрү менен бөлүшүүнү каалаган же долбоор боюнча пикири менен бөлүшкүсү келгендерди сайтта жайгашкан электрондук почта аркылуу байлагышууга чакырды.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux