Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында 1-ноябрдан тарта орус куралдуу күчтөрүнүн күзгү чакыруусун баштоо ниетин кескин айыптайт.
2022-жылдын 24-февралынан кийин, убактылуу оккупацияланган Украинанын аймактарында Орусия, Крымда кеңири колдонуп жаткан, сойломо аннексия саясатын ишке ашырууга аракет кылууда. 2015-жылдан бери Орусия Украинанын жарым аралында 16-аскерге чакыруу кампаниясын өткөрүп жатат. Бул аралыкта Крымдагы жана Севастополь шаарындагы орус оккупациялык администрациясы 36 миңдей украиналыкты мыйзамсыз түрдө аскердик кызматка чакырган.
Аскрге чакыруу аркылуу Крымда мобилизациялык кампания жүрүп жатат, анын мүнөзү жана ыкмалары Орусиянын аскерий-саясий жетекчилигинин жарым аралдагы, орус оккупациясына эң көп туруштук берген, украиндер менен крым татарларынын санын кыскартууга умтулгандыгын тастыктап турат.
Аскерге чакырууну ишке ашыруу менен, Орусия өзүнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелерин, анын ичинде согуш мезгилинде жарандык калкты коргоо боюнча Женева конвенциясында каралган милдеттерди одоно түрдө бузуп жатат. Эл аралык гуманитардык укукка ылайык, оккупант-өлкөгө корголгон адамдарды өзүнүн куралдуу же көмөкчү күчтөрүндө кызмат өтөөгө мажбурлоого, ошондой эле кысым көрсөтүүгө жана ыктыярдуу аскердик кызматты жайылтууга тыюу салынат.
Орусия Федерациясы оккупант-өлкө катары өзүнүн эл аралык милдеттенмелеринин так аткарылышын дароо камсыздап, Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында, атап айтканда, Крымда мыйзамсыз аскерге чакырууларды жокко чыгарышы керек.
Биз эл аралык коомчулукту убактылуу оккупацияланган аймактардагы украин жарандарын Орусиянын мыйзамсыз күзгү аскерге чакыруу жана мобилизациялоо кампаниясын катуу айыптоого жана Москвага каршы санкциялык басымды күчөтүүгө чакырабыз.
Ошондой эле, Орусия Федерациясынын кылмыштарын тез арада токтотуу жана Украинанын убактылуу оккупацияланган бардык аймактарын толук деоккупациялоону камсыз кылуу үчүн Украинага аскердик, саясий, финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу абдан маанилүү.