Украинанын Тышкы иштер министрлиги орус армиясы тарабынан Мариуполдо уурдалган украиналык баланы Орусия Федерациясынын Президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованын мыйзамсыз багып алганы тууралуу билдирүүсүнө көңүл бурду.
Орус комиссары Донбасстын басып алынган аймактарынан дагы 350гө жакын баланы Орусияда мыйзамсыз асыроого көмөктөшкөнүн мойнуна алды.
Украин балдарын Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарынан Орусияга алып кетүү жана аларды орус жарандарына асыроо Украинанын мыйзамдарын, ошондой эле балдардын жарандык статусун өзгөртпөөгө оккупант-мамлекетти милдеттеген 1949-жылынан Согуш учурунда жарандык калкты коргоо боюнча Женева конвенциясын жана 1989-жылынан БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясын одоно түрдө бузат.
Тышкы иштер министри Дмитро Кулебанын тапшырмасы менен, Украинанын Тышкы иштер министрлиги Украинанын укук коргоо органдарынына, аракеттеринде кылмыш белгилери болгон, Орусиянын жараны Львова-Беловага карата иш козгоону демилгелейт.
Биз эл аралык коомчулукту Орусия жана анын расмий өкүлдөрүнүн убактылуу оккупацияланган Украинанын аймактарында балдарга каршы уланып жаткан кылмыштарын катуу айыптоого чакырабыз.
Украина Орусияга мыйзамсыз чыгарылган жана асырап алынган украиналык балдарды ата-энелерине же мыйзамдуу камкорчууларына кайтаруу үчүн максималдуу күч-аракетин жумшайт.