2020-жылдын 24-июнунда, украиналык тарабы менен макулдашпай туруп, нацизмди жеңгенге 75-жылдыгына карата Россия Федерациясы убактылуу оккупациялап алган Автономдук Крым Республикасындагы жана Севастополь шаарында Россия Федерациясынын Кара деңиз флотунун бөлүктөрүнүн, ошондой эле Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн убактылуу оккупацияланган Донецк жана Луганск шаарларынындагы өткөргөн «парадын» Украинанын колдонуудагы мыйзамдарын жана эл аралык укук нормаларын, өзгөчө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 27.03.2014-жылынан А / Res / 68/262 «Украинанын аймактык бүтүндүгү» резолюциясын, ачык тоотпогондук деп караштырабыз.
Бул провокация Россия Федерациясынын украин-орус мамилелеринин мындан кийинки эскалациясын күчөтүп жаткандыгын жана Украинанын көз карандысыз аймагынын бир бөлүгүн басып алуусунан улам келип чыккан көйгөйлүү маселелерди чечүүнү каалабагандыгын дагы бир жолу тастыктайт.
Россия Федерациясы убактылуу оккупациялаган аймакта өткөрүлгөн «аскер парадында» көрсөткөн 55-мм гаубица 2А65 «Мста-Б», 122-мм гаубица 2С1 «Гвоздика», БМ- 21 «Град» жапырт өрт боюнча ракеталык системалары жана башка аскердик техникалары, айрыкча «Стрела-10» зениттик ракеталык комплекстери, Т-72, БТР-80, БМП-1 танктары, орусиялык тарабынан Минск келишимдеринин бир тарабы катары жана ага кол койгон тарап катары, 12.02.2015-жылынан «Минск келишимдеринин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар комплексинин» 2-пункту жана «2015-жылынын 12-февралынан Минск келишимдеринин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар комплексинине Кошумчасынын танктарды, 100мм калибрге чейинки артиллериялык куралдарды жана 120мм калибрге чейинки минометтерду(кошо алганда) чыгаруу боюнча бөлүгүнүн» 2-пункту боюнча милдеттенмелерин одоно бузулушу деп саналат.
Россия Федерациясынын убактылуу оккупацияланган Крым Автономдук Республикасынын аймактарында жана Севастополь шаарында уюштурган «аскердик параддар» учурунда болгон демонстрациясын Орусиянын Крымды милитаризациялоо саясатынын уландысы деп эсептейбиз, бул Европа коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет. Орус оккупациялык администрациясы жашы жете элек балдарды милитаристтик максатта колдонгону өзгөчө уятсыз көрүнүш.
Украина Россия Федерациясынан Украинанын мамлекеттик суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы эл аралык укукка каршы аракеттерди токтотууга жана Украинанын суверендүү аймагынын деоккупациясы боюнча толук чаралар көрүлүшүн, анын ичинде анын бардык куралдуу түзүлүштөрүн, аскердик техникаларын жана жалданма аскерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылат.
Тийиштүү нааразычылык нотасы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.