23-июнда Элчинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Жумакановтун жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Украина менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугу жана ветеринардык медицина, ошондой эле фитосанитардык коопсуздук жаатында бир катар маселелер боюнча пикир алмашылды.
Кошумча, Украина акыркы жылдары көпчүлүк өлкөлөрдүн талабына ылайык азык-түлүк коопсуздугун жана сапатын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) тармагын реформалоо үстүндө интенсивдүү иш жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Бүгүнкү күндө Украина өз продукциясын ЕБге гана эмес, ошондой эле Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө да экспорттоодо жана товарлардын өтүш рынокторун кеңейтүү боюнча ишти улантууда.