2020-жылынын 20-июлунда РФнын Президенти Владимир Путиндин Россия убактылуу оккупациялап алган Крым Автономдук Республикасына жана Севастополь шаарына Украина менен макулдашылбаган кезектеги иш сапарына байланыштуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүнү билдирет.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган чек араларынын чегинде болгон аймакка, анын ичинде Крым Автономдук Республикасына жана Севастополь шаарына, Россиянын расмий өкүлдөрүнүн украин тарабы менен макулдашылбаган кирүүсүнө жол берилбейт экендигин бир нече жолу баса белгилеп келген жана бул принципиалдуу позицияны сактап келет.
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин бир нече жолу эскертүүлөрүнө жана нааразычылыгын билдиргенине карабастан, Россиянын расмий өкүлдөрүнүн Россия убактылуу оккупациялап алган Крым Автономдук Республикасына жана Севастополь шаарына болгон сапарларын Украинанын мамлекеттик суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузгандыгы, орус тарабынан жалпыга таанылган эл аралык укуктун ченемдерин, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2014-жылынын 27-мартынан А/Res/68/262 «Украинанын аймактык бүтүндүгү» резолюзиясын, 2016-жылынын 19-декабрынан А/Res/71/205 резолюциясын, 2017-жылынын 19-декабрынан А/Res/72/190, 2018-жылынын 22-декабрынан А/Res/73/263, 2019-жылынын 18-декабрынан А/Res/74/168 «Украинанын Крым Автономдук Республикасында жана Севастополь шаарында адам укуктары боюнча кырдаал», 2018-жылынын 17-декабрынан А/Res/73/194 жана 2019-жылынын 9-декабрынан А/Res/74/17 «Украинанын Крым Автономдук Республикасында жана Севастополь шаарында, ошондой эле Кара жана Азов деңиздериндеги аймактарында милитаризациялоо маселеси», ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Баку декларациясын (2014-ж.) жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын башка резолюциясын уятсыз жана демонстративдүү тоотпогондугу деп эсептейт.
Украина аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирген Россия Федерациясынын Крым Автономдук Республикасын жана Севастополь шаарын милитаризациялоо боюнча иш-аракеттерин дагы бир жолу айыптайт.
Буга байланыштуу, Украинанын Тышкы иштер министрлиги орус тарабынан жогоруда айтылган эл аралык мыйзамсыз аракеттерди шыр токтотууну жана алардын кесепеттерин жоюуну талап кылат.
Украиналык тарап, эл аралык укук ченемдерине ылайык, бүтүндөй регионго терс кесепеттери болгон мыйзамсыз чечим кабыл алгандыгы жана мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн бардык жоопкерчилик оккупант-өлкө катары Россия Федерациясына, анын кызмат адамдарына, мыйзамсыз «крым бийлик органдарына» жана анын өкүлдөрүнө жүктөлгөнүнө көңүл бурат.
2020-жылдын 20-июлунда болгон жогоруда аталган мыйзамсыз иш-сапарга байланыштуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине катуу нааразычылыгын билдирген.