Бүгүн, Малайзия аба жолдорунун MH17 учагы Украинанын үстүндө атып түшүрүлгөн кайгылуу күнү, биздин оюбуз курман болгондордун туугандары жана жакындары менен бирге жана алардын кайгысына тең ортоктошпуз.
Ар бир курман болгон биздин эсибизде, MH17 учагын атып түшүрүлүшү боюнча адилеттүүлүктү орнотууга жана бул коркунучтуу кылмыш үчүн жооптуу адамдарды жазалоого бардык аракетибизди жумшайбыз.
Биз Россия Федерациясын жоопкерчиликке тартуу жана Россияны жоопкерчиликти өз мойнуна алууга чакыруу максатында БУУнун Эл аралык Сотунун алкагында бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп жатабыз.
Украина уылмыш иши боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн Нидерланды жана Биргелешкен тергөө тобундагы башка өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууну улантууда жана быйыл сот процесси башталганын кубаттайт.
Ошондой эле, биз, MH17 атып түшүрүлүшүнө алып келген, Терроризмди каржылоого каршы эл аралык конвенциясы боюнча Россия милдеттенмелерин бузгандыгы үчүн БУУнун Эл аралык Сотунун алкагында Россияны жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-аракеттерди көрүп жатабыз.
Буга байланыштуу дагы бир маанилүү кадам - MH17 атып түшүрүлүшүнө тиешеси бар өлкө катары жоопкерчиликке тартуу максатында, Нидерландынын адам укуктары боюнча Европа сотуна РФна каршы доо арыз менен кайрылуусу.
Биз Россия Федерациясын өз жоопкерчилигин моюнга алууга, эл аралык милдеттенмелерин, тактап айтканда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2166 резолюциясы боюнча, аткарууга жана тергөө менен кызматташууга чакырабыз.