2-декабрда Элчи "Өнүгүү" Балдар борбору коомдук бирикмесинин, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоонун жаңы технологияларына арналган тегерек столго катышты, Киевден Борбордун чакыруусу менен Бишкекке келген украиналык дарыгерлерлер Н.Конюшняк жана О.Козич кыргыз кесиптештери менен жаңы технологиялары менен бөлүштү.
Жолугушуунун алкагында, кохлеардык имплант менен балдарды дарылоодо уникалдуу технологиянын долбоорунун бет ачары болуп өттү, ал угууну калыбына келтирип, мындай балдардын толук социалдык адаптацияланышына мүмкүнчүлүк берет.