1-декабрда Элчи В.Жовтенко Кыргыз Республикасынын Эл аралык Ишкерлер Кеңешинин аткаруучу директору А.Сыдыков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдү талкуулашты.