2021-жылдын 25-февралында Элчи Валерий Жовтенко Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен жолугушту.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, ошондой эле Украина менен Кыргызстандын эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган тармактарда украин-кыргыз кызматташтыгын активдештирүүгө багытталган бир катар келишимдерге жетишилди.