25-февралда Элчи В.Жовтенко Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде Леся Украинканын туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган көркөм окууларга катышты. Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан чакан спектакль көрсөтүлүп, Л.Украинканын жашоосу жөнүндө видеотасмалар жана слайддардын коштолуусунда ырлары украин тилинде окулду.