Россия Федерациясынын куралдуу чабуулуна, украиналык “Бердянск” жана “Никополь” катерлерин, “Яна Капу” буксирин камакка алгандыгына, ошондой эле алардын экипажы жараат алганына жана камакка алынганына байланыштуу Украинанын ТИМ чечкиндүү протестин билдирет.
Бүтүн артараптуу жана эки тараптуу эл аралык келишимдерди сактап, Одесса портунан Мариуполь портуна деңиз өтмөдөн жүрүп бараткан украиналык кемелерге Россия Федерациясынын кол салуусу БУУнун Уставынын 2-беренесине жана агрессияны аныктама туралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 1974-жылынын 14-декабрынын 29/3314 Резолюциясынын жоболоруна ылайык Украинага каршы агрессиялык акт деп бааланат. Иш жүзүндө, Россия Украинага каршы согуш аракеттерин деңиз үстүнө кеңейтти.
Бүгүн кремлдик кылмыштуу бийлик агрессивдүү саясатынын чеги жоктугун жана биздин өлкөгө каршы ар кандай агрессиялык акттарга даяр экендигин аныктады.
Украина жараат алган аскер кызматчыларына кечиктирбей медициналык жардам көрсөтүүнү, аларды тез арада коопсуз мекенине кайтып келүүсүн, ошондой эле тартып алган аскердик мүлктү кайтарып берүүнү жана украин тарапка келтирилген зыянды компесанциялоого талап кылат.
Азов жана Кара деңиздеринин аймагындагы кырдаалдын андан ары курчуушуна жана орус-украин куралдуу жаңжалды тынч жөнгө салуу процессин бузуусуна бардык жоопкерчилик толугу менен кремлдик бийликке жүктөлөт.
Биздин шериктештерибизди жана өнөктөштөрүбүздү агрессорду токтотууга бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырабыз, анын ичинде жаңы санкцияларды колдонуу жана болгон санкцияларды күчөтүү аркылуу, жана Украинага аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн эл аралык деңгээлде таанылган чек араларынын ичинде коргоого аскердик жардам көрсөтүүгө кайрылабыз.