24-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы Украинанын элчилиги Украинадагы 1932-1933 жылдардагы Голодомордун 85-жылдыгына арналган «Украина эскерет, дүйнө тааныйт»аттуу Аймактык форум өткөздү.
Иш чарада Кыргызстандын маданий жана коомдук ишмерлери, илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү , саясий калыстары, ЖМК, ошондой эле украин диаспорасынын өкүлдөрү жана элчиликтин кызматкерлери катышышты.
Катышуучуларга болгон кайрылуусунда, элчи В. Жовтенко 1932-1933 жылдарында болгон Голодомор Украинанын тарыхынын эң оор кайгылуу бөлүгү экендигин билдирди. Бул адамкерчиликке каршы кылынган кылмыш, коллективизацияга каршы чыккан украин элин жок кылуу максатында Совет Союзунун башкармалыгы тарабынан жасалган. Голодомор, Украинада ачкачылык жаратып жана миллиондогон украиндерди жок кылган, Сталиндин башкаруу тартибинин атайын саясаты болгон.
Катышуучулар ачкачылыктан жапа чеккендерди эскерүү максатында шам жагышты.
Иш чаранын алкагында «Украина 3000» Эл аралык кайрымдуулук Фондунун «Тарых сабактары» программасынын алкагында даярдалган «Ачкачылык менен жазалангандар: украиндердин белгисиз геноциди» аттуу документалдык экспозиция көрсөтүлгөн.