12-ноябрда Элчи В. Жовтенко, КРнын Президенти С.Жээнбнковтун катышуусу менен, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын БУУ менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» Эл аралык форумуна катышты.
Иш чарада Президент С.Жээнбеков, Тышкы иштер Министри Ч.Айдарбеков жана БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору/БУУӨПнын Туруктуу өкүлү О.Ожиелого сөз берилди.
Форумдун алкагында Кыргызстанда БУУнун адам өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча панелдик талкуу жүргүзүлдү.
Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, дипломатиялык корпусунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.