2019-жылынын 30-октябрында, «Кыргызстанда Украинанын маданият жумалыгын» алкагында, Олег жана Елена Мельниковдор негиздеген жана жетектеген, «Витаминчики» бий ансамбли» аттуу элдик көркөм тобунун жана Кыргыз Республикасынын «Ала Тоо» элдик бий ансамблинин алгачкы концерти болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземинде, Украинанын Элчиси В. Жовтенкого сөз берилди, ал өз кайрылуусунда Украинанын жана Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маанилүү экендигин белгиледи.

