• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
26-ноябрь - Украинада Голодомор курмандыктарын эскерүү күнү
26 ноября 2022 10:22

Украинада жыл сайын ноябрдын төртүнчү ишембисинде 1932-1933-жылдардагы Голодомордун жана 1921-1923 жана 1946-1947-жылдардагы массалык жасалма ачарчылыктын курмандыктары эскерилет.
Украинада Голодомордун жана массалык жасалма ачарчылыктын натыйжасында миллиондогон адамдардын өмүрү кыйлган. 2006-жылы 1932-1933-жылдардагы Голодомор Украинанын мыйзамы менен украин элинин геноциди катары таанылган.
Быйыл биз сталиндик геноциддин курмандыктарын Орусиянын украиндерге каршы геноциддик практикасы менен коштолуп жаткан Украинага каршы кеңири масштабдуу согушунун шартында эскерип жатабыз. Биздин көз алдыбызда болуп жаткан каргашалуу окуялар жана кылмыштар ачык көрсөтүп турат: жандуу эскерүү абдан маанилүү; адамзатка каршы кылмыш жасагандар дүйнөлүк коомчулук тарабынан айыпталышы керек, ал эми курмандыктар - түбөлүккө эсибизде калышы керек.
Биз украиналыктарды жана дүйнө жүзү боюнча элди 26-ноябрда Киев убактысы боюнча саат 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча 20.00, GTM +6) коомчулук менен биргеликте «Шамды күйгүз» акциясына кошулууга – ар бир үйдө шам күйгүзүүгө чакырабыз. Ал курман болгондор үчүн аза күтүүнүн, Украинанын жеңишине ишенимдин жана геноциддердин кайталанышына жол бербөө үчүн күч-аракеттерди жумшоого даярдыктын, ошондой эле Жалпы улуттук мөнөттүк аза күтүү зыйнатына кошулуунун белгиси болот.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux