21-ноябрда украиндер Ар-намыс жана Эркиндик күнүн белгилешет!
Бул күнү, тогуз жыл аралыгы менен, азыркы Украинада эки эң массалык нааразылык акциялары башталды: 2004-жылы - Саргылт революция, 2013-жылы – Ар-намыс революциясы.
Ар-намыс жана Эркиндик күнүнө арналган окуялар Украина мамлекетинин негизги учурларынын бири жана украин элинин биригүүнүн символикалык чекиттери болуп саналат.
Бул күнү биз демократиялык баалуулуктарды, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарын жана анын европалык тандоосун коргогон жарандардын мекенчилдигин жана баатырдыгын сыйлайбыз.
Биздин бүгүнкү күнүбүз үчүн жанын берген Баатырлардын эрдигин эч качан унутпайбыз. Чек араларыбызды коргогон жана азыркы күнгө чейин коргоп жаткан жоокерлерге чоң таазим.
Украинага даңк!