• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында РФ тарабынан шайлоону мыйзамсыз уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү
22 сентября 2021 06:51

Украинанын Тышкы иштер министрлиги чечкиндүү түрдө протест билдирип, Россия Федерациясынын 2021-жылдын 17-19-сентябрында убактылуу оккупацияланган аймактарда Крым Автономдук Республикасында жана Севастополь шаарында  Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоону мыйзамсыз уюштурууну жана өткөрүүнү жана  убактылуу оккупацияланган Донецк жана Луганск облустарынын аймагында мыйзамсыз түрдө берилген Россия Федерациясынын жарандарынын паспорттор менен Украинанын жарандарын бул шайлоого мажбурлоо түрдө тартуусун айыптайт.

Биз мыйзамсыз добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүүнү Россиянын Украинанын мамлекеттик суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузууларынын уландысы катары карайбыз.

Россия Федерациясынын көрсөтүлгөн аракеттери эл аралык укуктун негизги принциптерин жана ченемдерин, Украина менен Россия катышкан эл аралык келишимдер боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелерин жана Украинанын мыйзамдарын одоно түрдө бузат, ошондой эле БУУнун Уставына жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2014-жылдын 27-мартындагы A/RES /68/262, 2016-жылдын 19-декабрындагы A/RES/71/205, 2017-жылдын 19-декабрындагы A/RES/72/190, 2018-жылдын 17-декабрындагы A/RES/73/194, 2018-жылдын 22-декабрындагы A/RES/73/263, 2019-жылдын 9-декабрындагы A/RES/74/17, 2019-жылдын 18-декабрындагы A/RES/74/168, 2020-жылдын 7-декабрындагы A/RES/75/29, 2020-жылдын 16-декабрындагы A/RES/75/192 жана 1975-жылдын 1-августундагы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча кеңешмесинин Хельсинкидеги корутунду актысына каршы келет.

Россия Федерациясы тарабынан убактылуу оккупацияланган Крым Автономдук Республикасынын жана Севастополь шаарынын аймагында шайлоо өткөрүү мыйзамсыз болуп саналат жана алардын жыйынтыктары эч кандай юридикалык кесепеттерге алып келбейт.

Убактылуу оккупацияланган Донецк жана Луганск облустарынын аймагында жашаган Украинанын жарандарын добуш берүүгө тартуусу, ошондой эле убактылуу оккупацияланган Крымда жашаган дээрлик 1500000 миллион шайлоочу, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоонун жыйынтыктарын олуттуу түрдө бурмалайт жана жалпысынан алганда мыйзамдуулугуна шек келтирет.

Убактылуу оккупацияланган Крымда мыйзамсыз добуш берүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле убактылуу оккупацияланган Донецк жана Луганск облустарынын аймагында украин жарандарынына Россия Федерациясынын мыйзамсыз берилген жаранынын паспорттору менен шайлоого катышуусун уюштурууга тиешеси барлардын баары Украинанын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Чет мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды Россия Федерациясынын мыйзамсыз аракеттерин чечкиндүү түрдө айыптоого, Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоону жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын ушинтип легитимсиздик түзүлгөнүн ачык жарыялоого, ошондой эле Россия Федерациясына саясий жана дипломатиялык кысымды күчөтүү үчүн, атап айтканда ага каршы санкцияларды кеңейтүүгө чакырабыз.

Россия Федерациясынан Крым Автономдук Республикасынын жана Севастополь шаарынын, ошондой эле Донецк жана Луганск облустарынын бир бөлүгүн оккупациялоону жана Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында мыйзамсыз иштерди токтотууну жана эл аралык уюмдардын жана эл аралык соттордун тиешелүү чечимдерин толугу менен аткаруусун талап кылабыз.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux