• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Орусиянын Украина жарандарын Херсон жана Запорожье облустарынан депортациялоосуна байланыштуу билдирүүсү
07 ноября 2022 17:08

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарда, Херсон жана Запорожье облустарындагы жашаган украин жарандарын депортациялоо үчүн Орусия Федерациясын катуу айыптайт.

Атап айтканда, орус оккупациялык администрациясы сол жээктеги Херсон облусунун, биринчи кезекте Скадовский жана Каховский райондорунун тургундарын убактылуу оккупацияланган Крымдын же Орусия Федерациясынын аймагына массалык түрдө мажбурлап көчүрө баштады.

Ушундай эле депортациялар Орусия тарабынан Запорожье, Луганск жана Донецк облустарында, ошондой эле Крымда да жүргүзүлүүдө.

Депортациялардын фонунда россиялык аскерлер Каховская ГЭСин миналап жатат деген кооптуу маалыматтар тарап жатат, анын жарылуусу ири масштабдагы техногендик жана гуманитардык кырсыкка алып келиши мүмкүн экенин эскертебиз.

Орусиянын мындай аракеттери эл аралык мыйзамдарды одоно түрдө бузат. Согуш маалында жарандык калкты коргоо боюнча 1949-жылдагы Женева конвенциясынын 49-беренесине ылайык, оккупант-өлкөгө корголгон адамдарды жеке же массалык түрдө мажбурлап көчүрүүгө же депортациялоого тыюу салынат.

Убактылуу оккупацияланган түштүктүн тургундарын депортациялоо орусиялык оккупанттар тарабынан өнөр жай, инфраструктуралык, маданий-агартуу жана медициналык мекемелерди, ошондой эле жеке үйлөрдү жана батирлерди талап-тоноо менен коштолууда.

Орусиянын бейкүнөө балдарга, аялдарга жана кары-картаңдарга ири өлчөмдөгү гуманитардык азап тартуусу геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо боюнча конвенцияны, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун бузуу болуп саналат.

Аскердик кылмыштардын жана адамзатка каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жок экенин эскертебиз. Учурда Украина элине каршы кылмыш жасап жаткан Орусия Федерациясындагы бардык адамдар сөзсүз жазасын алышат.

Биз эл аралык коомчулукту Орусия Федерациясын Украинанын түштүгүндөгү тургундарды мажбурлап көчүрүүсү үчүн айыптоого, Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө жана убактылуу оккупацияланган аймактарды бошотуу үчүн Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө чакырабыз.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux