• A-
    A+
  • Русский
  • Українською
  • Кыргыз
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин БУУнун Башкы Ассамблеясынын “Украинанын аймактык бүтүндүгү: БУУнун Уставынын принциптерин коргоо” резолюциясынын кабыл алынышына карата комментарийи
13 октября 2022 11:07

Орусия Федерациясынын Украинага каршы агрессиясына байланыштуу, БУУнун Башкы ассамблеясынын жаңыланган 11-Кезексиз атайын сессиясынын алкагында эле 143 мамлекет “Украинанын аймактык бүтүндүгү: БУУнун Уставынын принциптерин коргоо” резолюциясына “ЖОЛ” деп добуш беришти.

Орусия Федерациясынын псевдореферендум уюштуруу жолу менен Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск жана Херсон облустарын аннексиялоо аракетине жооп катары, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-өлкөлөр күч менен коркутуу же күч колдонуу аркылуу бир аймактын менчиктелишин эч кандай мыйзамдуу деп таанууга болбойт деп билдиришти.

Буга байланыштуу БУУнун Башкы ассамблеясы Украинанын эгемендигине, көз карандысыздыгына, биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө, анын аймактык сууларына чейин созулган эл аралык таанылган чек араларына болгон жактоочулугун ырастады.

Резолюцияда Украинанын жогоруда аталган облустарынын айрым бөлүктөрүнүн Орусиянын убактылуу аскерий көзөмөлүндө болушу агрессиянын натыйжасы, Украинанын эгемендигин, саясий көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн бузуу экени так белгиленген.

Аталган документти колдоп, БУУнун мүчө-өлкөлөрү Орусия Федерациясынын Украинанын төрт аймагынын статусу боюнча чечимин БУУнун Уставынын принциптерине туура келбейт деп таанып, Орусияга аларды токтоосуз жана эч кандай шартсыз жокко чыгаруу талабын коюшту.

Кабыл алынган документте, ошондой эле, Орусия Федерациясына Украинанын аймагынан өзүнүн эл аралык таанылган чек араларынын чегинде бардык аскер күчтөрүн токтоосуз, толук жана шартсыз чыгарып кетүү талабы камтылган.

Чыр-чатакты деэскалациялоо жана тынчтык жолу менен чечүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди колдоо менен БУУга мүчө-өлкөлөр саясий диалог, сүйлөшүүлөр, ортомчулук жана башка тынчтык жолдору Украинанын эгемендигин жана анын эл аралык таанылган чек араларынын чегинде аймактык бүтүндүгүн эске алуу менен жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерине ылайык жүрүшү керек.

Добуш берүүнүн дагы бир маанилүү натыйжасы, БУУнун 2014-жылынан 28-мартындагы 68/262 “Украинанын аймактык бүтүндүгү” резолюциясын БУУнун 143 мүчө-өлкөсү документте эскерип, муну менен Орусия Федерациясынын Украинага каршы агрессиясы 2014-жылы башталганын, ошондой эле Крым Автономдук Республикасынын жана Севастополь шаарынын статусун Украинанын ажырагыс бөлүгү катары тастыктады.

Орус делегациясы резолюциянын кабыл алынышына жол бербөө үчүн бардык аракеттерди кылып көрүштү, анын ичинде БУУнун залында шайлоо маселелери үчүн гана колдонулуучу, калыптанып калган практикага каршы, жашыруун добуш берүүнү талап кылды. Ошол эле учурда, БУУга мүчө- өлкөлөрү добуштардын абсолюттук көпчүлүгү менен бул аянычтуу аракеттерге бөгөт коюшту.

Орусияны жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык инструменттердин маанилүү бөлүгү боло турган резолюцияга максималдуу колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн биз ыраазыбыз.

Орусия Федерациясы акыры эл аралык коомчулуктун үнүн угуп, БУУнун Уставынын нормаларын жана принциптерин таптакыр этибар албаган саясатын токтотушу керек.

Outdated Browser
Для комфортної роботи в Мережі потрібен сучасний браузер. Тут можна знайти останні версії.
Outdated Browser
Цей сайт призначений для комп'ютерів, але
ви можете вільно користуватися ним.
67.15%
людей використовує
цей браузер
Google Chrome
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
9.6%
людей використовує
цей браузер
Mozilla Firefox
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux
4.5%
людей використовує
цей браузер
Microsoft Edge
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
3.15%
людей використовує
цей браузер
Доступно для
  • Windows
  • Mac OS
  • Linux