Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россиянын эл аралык келишимдердин жоболорун, тактап айтканда 1992-жылынан 24-мартынан Ачык асман боюнча Келишими, кезектеги манипуляциялоосуна байланыштуу, ошондой эле «Россиянын ачык асман боюнча Келишими боюнча позициясында» «Крым менен Севастополь Россиянын курамына элдин эрки боюнча кирди» деген провокациялык ырастоолоорду жайылтып жатканына катуу нааразычылыгын билдирет.
Бул, АКШ Келишимден чыгуу ниетине байланыштуу, Ачык асман боюнча Келишиминин катышуучу-мамлекеттери чукул конференциясына даярданып жаткан мезгилинде болгон россиялык тарабынын кезектеги дипломатиялык провокациясы.
Россиянын «Ачык асман келишими боюнча позициясы» Россияны Келишимди бузуучу катары ачык-айкын көрсөтүп турат, анын узак мөөнөттүү жана системалуу иш-аракеттери ишенимди, коопсуздукту күчөтүүгө, аскердик иш-аракеттердин ачыктыгын жана транспаренттигин жогорулатууга багытталган келишимдин кризисине алып келди.
Тышкы иштер министирлиги, 2014-жылдын февралында, Россия, «аскердик машыгууларды өткөрүү» жана «Сочидеги 2014-жылкы кышкы Олимпиадага байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү» деген уламыштын артында жашынып, Украинага күтүүсүз аскердик интервенцияны ишке ашырган, Украинанын мамлекеттик жана аскердик түзүлүштөрүн басып алган жана Крым Автономдук Республикасын жана Севастополь шаарын убактылуу оккупациялаган, кошумча аскер күчтөрүн, атап айтканда, аэромобилдик күчтөрүнүн, деңиз күчтөрүнүн жана адистештирилген операциялар боюнча аскер күчтөрүнүн бөлүктөрүн аймакка тартып келгенин эскертет.
Россия ушундай ыкма менен 2014-жылы Украинага каршы баштаган гибриддик согушу дагы деле уланып келүүдө. Ачык асман келишиминде каралган «кризистерди жана кризистик кырдаалды жөнгө салуунун» ордуна, Москва бул эл аралык келишимди өз максаттары үчүн колдонууга аракет кылып жатат - Украинанын убактылуу оккупацияланган аймагын мыйзамсыз аннексия аракетинин кесепеттерин мыйзамдаштыруу максатында.
Донецк жана Луганск облустарында Украинага каршы жүргүзүлүп жаткан аскердик агрессия, Крым Автономдук Республикасын жана Севастополь шаарын убактылуу оккупациялап алганы менен байланыштуу Россиянын аракеттери, региондук жана глобалдык деңгээлде аскердик коопсуздукту, куралды контролдоону жана аскердик чектөөлөрдү тең салмактуу камсыз кылууга багытталган Ачык асман келишими же башка эл аралык келишимдердин бир дагы тамгасы жана руху менен эч кандай байланышы жок.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү баса белгилейт:
- Россиянын Ачык асман келишиминин алкагында Украинанын суверендүү аймагынын бир бөлүгү болгон Крым Автономдук Республикасына жана Севастополь шарына «россиялык статус» декларациялоого аракеттери негизсиз, ачык провокация болуп саналат жана Келишимди жана ал тарабынан орнотулган ачык асманды бузууга багытталган;
- Россиянын Ачык асман келишиминин жоболорун өз максаттары үчүн колдонууга аракеттенгени анын абийирдүү аткарылышы менен эч кандай байланышы жок, бирок Россия Федерациясынын эл аралык келишимдердин катышуучусу катары өзүнүн милдеттенмелерин сактоо жана аткаруу жагынан келишимдик жөндөмүнө дагы бир жолу шек келтирди;
- Россия Ачык асман келишимдерин Крым Автономдук Республикасынын жана Севастополь шаарын убактылуу оккупациясын мыйзамдаштыруу үчүн колдонгону, ачык асман режиминин стагнациясынын чыныгы себептери Россия тарабынан өз кызыкчылыгында жаратылгандыгын көрсөтүп турат.
Россия тарабынын мындай аракеттери кырдаалдын күчөшүнө гана эмес, ошондой эле ЕККУ чөлкөмүндө ишеним, коопсуздук жана алдын-ала божомолдоо климатынын атайлап начарлап кетишине алып келе турган аң-сезимдүү аракеттерин улантып жаткандыгын көрсөтөт.
Украиналык тарап, Россиянын «Ачык асман келишими боюнча позициясында» айтылган Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кол салууларды эл аралык укуктун негизги ченемдерин жана принциптерин, атап айтканда Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 68/262 «Украинанын аймактык бүтүндүгү» Резолюциясы, 71/205, 72/190, 73/263, 74/168 «Крым Автономдук Республикасындагы жана Севастополь шаарындагы (Украина) адам укуктарынын абалы» Резолюциялары, 1975-жылдын 1-августунан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Конференциясынын Хельсинки Корутунду Актысы, ошондой эле Ачык асман келишиминин өзү жана Россия Федерациясы жана Украина катышкан эл аралык келишимдер боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин бузулушу деп эсептейт.