Акыркы күндөрү, маалымат мейкиндигинде, 2014-жылдын март айынан бери Крымдын оккупациялык администрациясы тарабынан украин жарандарына таратылып жаткан, орусиялык паспортторго каршы жасалма дискредитация кампаниясы жүрүп жатат.
Мажбурлап паспортизациялоо – бул оккупация шарттарында жашоого аргасыз болгон Украинанын жарандарына карата агрессор-өлкөнүн репрессиялык саясатынын элементи.
Мыйзамсыз оккупациялоо жана аннексиядан кийин, Россия украиналык мыйзамдарын жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузган.
Украинанын 2014-жылынын 15-апрелинен «Украинанын убактылуу басып алынган аймагында жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жана укуктук режимди камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамында убактылуу басып алынган аймакта жашаган Украинанын жарандары мажбурлап автоматтык түрдө Россия Федерациясынын паспортун алса, ал Украина тарабынан таанылбайт жана Украинанын жарандыгынан чыгууга негиз болуп саналбайт экендиги так белгиленген.
Мажбурлап паспортизациялоо орус оккупациялык жетекчилигинин Украинанын жарандарына каршы алдын ала пландаштырылган жана уятсыздык менен ишке ашырылган системалык кысымынын элементи.
Автономдук Крым Республикасында жана Севастополь шаарында жашаган Украинанын жарандары иш жүзүндө тандоо укугунан ажыратылган.
Россиянын жарандыгынан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тийиштүү борборлордун жоктугу жана жарандыгынан баш тартууга арыз берүү үчүн убакыт өтө кыска мөөнөттөр менен чектелген.
Мындан тышкары, Крымдын тургундары орусиялык паспорттон баш тартса, жумушка орношууда, медициналык жардам, социалдык жана пенсиялык жөлөкпулдары алууда жарандардын укуктары жасалма түрдө чектелген. Ошондой эле, Россиянын паспортунун жоктугу аргасыз депортациялоого жана АКРна жана Севастополь шаарына кирүүгө тыюу салынышына себепкер болгон.
Автоматтык түрдө паспортизациялоонун ажырагыс бөлүгү – оккупациялык бийлик тарабынан проукраиналык активисттерди, анын ичинде журналисттерди дагы куугунтуктоо коркунучу. Оккупациянын тарыхы, Россиянын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арыз бергендерди оккупациялык бийлик каршы чыккандардар катары көрүп, репрессия жүргүзүү максатында «инвентаризация» жүргүзүп жатаканынан Крымдын тургундары арыз бергенгенден коркууга толук негиз бар экендигин көрсөттү.
Андан тышкары, оккупацияланган жарым аралдагы үйлөрүн жана мүлкүн сактап калуу үчүн, Украинанын жарандары Россиянын паспортун алууга аргасыз болушкан. Убактылуу оккупацияланган Крымда Украинанын жарандары жерлерине ээлик кылуу укугунан ажыратылганы жөнүндө жарлыкка РФнын Президенти В.Путиндин кол коюушу – бул орусиялык жарандыгынына мажбурлап өткөзүүнүн жана эл аралык укуктарынын одоно бузулушуна дагы бир кадам.
Украина Автономдук Крым Республикасында жана Севастополь шаарында оккупация шарттарында жашап жаткан украин жарандарынын укугун жана кызыкчылыктарын коргойт.
Крым – бул Украина.