Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин убактылуу оккупацияланган Автономдук Крым Республикасына жана Севастополь шаарына, 2020-жылдын 27-августунда башталган, Украина менен макулдашылбаган кезектеги сапарына байланыштуу катуу нааразычылыгын билдирет.
Украина, бул иш сапарды, буга чейин Россиянын расмий өкүлдөрүнүн убактылуу оккупацияланган Автономдук Крым Республикасына жана Севастополь шаарына болгон сапарлары сыяктуу, Россиянын Украинанын мамлекеттик өз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузушу, орус тарабынан эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерин, анын ичинде БУУнун Уставы, БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциялары, Россия Федерациясы жана Украина ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмелерин циникалык жана демонстрациялык түрдө четке кагуусу деп эсептейт.
Жол куруу, оккупациялык бийликтин башка иш-аракеттери сыяктуу эле, эч кандай жол менен Автономдук Крым Республикасынын жана Севастополь шаарынын Украинанын эл аралык таанылган чек араларынын чегинде Украинанын аймагынын ажырагыс бөлүгү катары конституциялык статусун өзгөртө албайт.
Россия Федерациясы тарабынан убактылуу оккупацияланган Автономдук Крым Республикасында жана Севастополь шаарында мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан жеке жана юридикалык жактарга карата улуттук жана эл аралык санкцияларды кеңейтүү боюнча Украина ырааттуу түрдө иш алып барат.
Россия Федерациясынын Президентинин Автономдук Крым Республикасына жана Севастополь шаарына болгон иш сапарына байланыштуу Россиянын Тышкы иштер министрлигине каршылык нотасы жөнөтүлдү.